Өзбекстанда үч өспүрүм кыз шишкебектен ууланып көз жумду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүПразднование Навруза
Празднование Навруза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздардын өмүрүн алган окуянын себеби учурда такталууда.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ташкент шаарында үч жашы жете элек эже-сиңдилер шишкебектен ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазып чыкты.

Күбөлөрдүн айтымында, кыздардын ичи шишкебек жегенден кийин ооруй баштаган.

Андан соң өспүрүмдөр дары ичкен, бирок жардам берген эмес. Ошентип алардын бирөөсү Тез жардам унаасы менен ооруканага баратып каза болсо, калган экөө биринин артынан бири көз жумган.

Учурда жаш кыздардын өмүрүн алган окуянын себеби такталууда жана Алмазар райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0