Түркмөнстанда алабай итине эстелик тургузулат

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүБлаготворительная выставка "Мы в ответе за тех, кого приручили"
Благотворительная выставка Мы в ответе за тех, кого приручили - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда алабай ахалтекин аргымагы сыяктуу Түркмөнстандын улуттук дөөлөтү болуп саналат. Таза кандуу бул жандыкты уруксатсыз өлкөдөн алып чыгууга да тыюу салынган.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Түркмөнстанда алабай итине эстелик тургузулат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн орус тилдүү "Нейтральный Түркмөнстан" өкмөттүк гезитине таянып РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, алабайдын эстелиги боюнча бир топ долбоорлор Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовго сунушталган.

"Аларды карап жатып өлкө башчысы иттин бул өзгөчө тукумун толук түрдө түркмөн элинин улуттук кенчи деп атоого болорун баса белгиледи. Ал ошондой алабайлар акылдуу, күчтүү жана ээсине берилген жандык болорун айтып, долбоорлорду аягына чейин иштеп чыгуу тапшырмасын берди", — деп жазылат маалыматта.

Түркмөндөрдүн алабайы — Орто Азиядагы иттердин байыркы түрү. Учурда алабай ахалтекин аргымагы сыяктуу Түркмөнстандын улуттук дөөлөтү болуп саналат. Таза кандуу бул жандыкты уруксатсыз өлкөдөн алып чыгууга да тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0