Казакстандын газын Кыргызстан аркылуу көмүскө алып өткөн кылмыштуу топ кармалды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРабота АЗС "Газпромнефть" в Челябинской области
Работа АЗС Газпромнефть в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ишке тийиштиги бар делип 13 адам колго түштү. Анын ичинен алтоо кыргызстандыктар

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Казакстандын Жамбыл облусу боюнча Улуттук коопсуздук департаменти Кыргызстанга алып өтүү үчүн газ уурдап жүргөн кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу аталган ведомствого шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Казакстандын аймагында гана колдонууга уруксат берилген ири көлөмдөгү газды уурдап, анын көпчүлүк бөлүгүн Кыргызстан аркылуу Тажикстан менен Афганистанга өткөрүшчү.

Адистердин эсебине караганда, мамлекет алардын айынан ай сайын 650 миллион тенге (1 948 000 доллар) чыгым тартып келген.

"Бул ишке тийиштиги бар делип 13 адам кармалды. Анын ичинен алтоо КР жарандары экен", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда аталган кылмыштуу топко укук коргоо органдарынын катарындагы кызматкерлердин тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0