Кытайда жаалданган буйвол супермаркетке кирип, бир кишини челип салды. Видео

© AFP / PHILIPPE LOPEZБуйвол на острове Лантау в Гонконге
Буйвол на острове Лантау в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күтүлбөгөн окуядан алты киши жабыркап, экөө оор жаракат менен ооруканага жеткирилген

БИШКЕК, 30-окт — Sputnik. Кытайда жаалданган буйвол супермаркетке кирип кетип, кишилерди челип, текчеде турган товарларды сүзгүлөгөнүн China Press маалымат сайты жазып чыкты.

Аталган окуя Цзянсу провинциясындагы Яньчэн шаарында катталып, видеокөзөмөлгө түшүп калган.

Күтүлбөгөн окуядан алты киши жабыркап, экөө оор жаракат менен ооруканага жеткирилген

Кырсык болгон жерге келген тартип сакчылары жаныбарды атууга аргасыз болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0