БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Жыл аягында жана келерки жылдын башында Казакстандын Алматы облусунда жер силкиниши мүмкүндүгүн Sputnik Казакстан маалымат агенттиги жазды.
Мындай пикирин Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Сейсмология институтунун академиги Абдрахман Курскеев казак-кытай симпозиумунда билдирген.
"Жер кыртышынын активдүүлүгү жаңы жыл алдында башталып, 10-15-январга чейин уланат. Бул убакытта майда жер титирөөлөр көп катталат, алар жер кыртышынын чыңалышын азайтат. Андыктан жер катуу силкинбейт", — деди ал.
Курскеев өз сөзүндө магнитудасы 6,5-7 баллга жеткен жер титирөө жакын арада Алматыда катталбай турганын айтты.
"Алматынын тургундары сейсмокоркунучтуу жерде жашай турганын дайыма эстеп жүрүшү керек. Жер титирөө каалаган убакытта болуп кетиши ыктымал. Азыркы илимдин жетишкендиктери да жер титирөө болорун алдын ала 1-2 саат алдын ала айта албайт", — деди ал.
Ал жер титирөөнүн активдүүлүгү акыркы 3-4 жылдан бери байкалып жатканын, буга Кытайда болуп жаткан силкинүүлөр далил экенин кошумчалады.