Казак бийлиги: КРдин жүк ташуучулары Казакстандын мыйзамдарын этибар албай жатат

© Sputnik / Актан ТемиркановСитуация на КПП "Ак-Жол - Автодорожный". 12 октября
Ситуация на КПП Ак-Жол - Автодорожный. 12 октября - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын инвестиция жана өнүгүү боюнча министрлиги кыргызстандык жүк ташуучуларды текшерди

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандын жүк ташуучулары Казакстандын мыйзамдарын этибар албаган учурлар катталганын Sputnik Казакстан агенттиги өлкөнүн инвестиция жана өнүгүү министрлигине таянуу менен билдирди.

Ситуация на КПП Актилек - Автодорожный. 12 октябрь - Sputnik Кыргызстан
Чек ара кызматы кыргыз-казак чегиндеги азыркы абал тууралуу маалымат берди
Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан текшерүүгө алынган 212 автоунаанын 35инде одоно мыйзам бузулганы белгилүү болгон. Өзгөчө 11 унаада товардын көлөмү көрсөтүлгөндөн көп болуп чыккан. Төрт машинанын Казакстандын аймагында жүк ташуу үчүн керектүү лицензиясы болгон эмес. Андан башка дагы 13 ар кандай мыйзам бузуулар аныкталган.

Жалпысынан 1 миллион 328 миң теңге административдик айып салынган.

Жүргүнчү ташыган төрт автобустүн уруксат берүүчү документтери жок болгондуктан айып короого токтотулган. Бул мыйзам бузуулар боюнча кыргыз тарапка маалымат берилген.

Белгилей кетсек, 10-октябрда кечинде кыргыз-казак чек ара бекеттеринде кезек күткөндөрдүн саны өсүп, алар бир нече сааттап туруп жатышкандыктарын айта баштаган.

11-октябрда да абал өзгөргөн эмес. Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн маалымдады.

Ситуация на контрольно-пропускном пункте Акжол автодорожный на границе КР и РК - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы абал. Учурда эмне болуп жатат
Премьер-министр Сапар Исаков Сочи шаарында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу айткан. Сүйлөшүүдөн кийин Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тапшырма берген.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы "Ак-Жол", "Кордай", "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Токмок" жана "Чоң-Капка" чек ара бекеттериндеги акыркы абал тууралуу билдирип, алардын айрымдарында дагы деле кезек күтүп тургандар бар экенин маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0