00:52 24 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Россиянын президенти Владимир Путин жана казак президенти Нурсултан Назарбаев. Архивдик сүрөт

Путин Назарбаевди ЖЕЭК жыйынынын алдында кепке тартты. Видео

© Sputnik / Рамиль Ситдиков
Азия
Кыскача шилтеме алуу
146903

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталар алдында Путин Назарбаевге басып келип сүйлөшкөн

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны башталар алдында казак президенти Нурсултан Назарбаевди кепке тартты. Алардын видеосун журналист Дмитрий Смирнов Twitter баракчасына жазды.

​11-октябрда Сочи шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өттү. Кыргызстандын атынан Алмазбек Атамбаевдин ордуна премьер-министр Сапар Исаков барган.

Видеодо көрүнгөндөй Путин ордунан туруп Назарбаевдин жанына барып, аны менен бир нерселерди сүйлөшүп турганын көрүүгө болот. Бир аздан кийин алардын сүйлөшүүсүнө казак делегациясынын мүчөлөрү дагы тартылган.

Аталган жыйындын алкагында Исаков Назарбаев менен кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча сүйлөшкөн. Андан соң Назарбаев казак өкмөтүнө чек арадагы маселени чечүүнү тапшырган.

Тема боюнча

Өкмөт: Назарбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салууну тапшырды
Назарбеков: жер титирөө учурунда үйдөгү бийикте турган айнек буюмдар кооптуу
Белгилер:
Нурсултан Назарбаев, Владимир Путин, Сочи
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ