Эмомали Рахмон 65 жашта! Тажикстандын башчысы тууралуу 9 факты

© AFP / Ishara S. KODIKARAПрезидент Таджикистана Эмомали Рахмон
Президент Таджикистана Эмомали Рахмон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Тажикстандын президенти, улут лидери Эмомали Рахмон 65 жаштын чайын ичип отурат

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агеттиги коңшу өлкөнүн башчысы тууралуу 9 факты сунуштайт.

1. Ааламга жол айылдан башталат. Эмомали Рахмон 1952-жылы 5-октябрда Тажикстандын Куляб облусундагы Дангара кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Үйдүн үчүнчү баласы. Атасы Шариф Рахмонов Улуу Ата мекендик согушка катышып, Даңк ордени менен сыйланган. Апасы Майрам Шарифова 2004-жылы 94 жашында каза болгон.

2. Кесиби экономист. Орто мектепти бүткөндөн кийин Коргон-Төбөдөгү май куюучу заводдо электрик болуп эмгектенген. Тажик улуттук университетинин экономика факультетинен билим алган. Студенттик кезин сатуучу болуп иштөө менен айкалыштырган. 

© Фото / Официальный сайт президента ТаджикистанаПрезидент Таджикистана Эмомали Рахмон на горнолыжной базе
Президент Таджикистана Эмомали Рахмон на горнолыжной базе - Sputnik Кыргызстан
Президент Таджикистана Эмомали Рахмон на горнолыжной базе

3. Түшпөс хан. 1990-жылы Тажикстан ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты, ал эми 1994-жылы Тажикстандын президенти болуп шайланган. 2006-жылы болгон шайлоодо калктын 73 пайыз добушуна ээ болуп, кайрадан президенттик орунду ээлеген. Акыркы жолу 2013-жылы жети жылга президенттикке шайланган.

Ситуация после выборов президента в Республике Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Шавкат Мирзиёев 60ка чыкты. Өзбекстандын президенти тууралуу 7 факты
4. Өлкөдө алтын тиш салдырууга тыюу салган. 2006-жылы айылдагы окуу бөлүмдөрүн кыдырып жүрүп мектепте иштеген мугалимдин алтын тиштерин көрүп калат. Ошондо "биз эл аралык уюмдарга жарды экенибизди кантип түшүндүрөбүз, эгер айылдагы мугалимдерибиздин тиши жаркырап турса" деп айткан. Ошондон кийин жарандардын бардыгына алтындан жасалган кийме тиштерден баш тартуусун буюрган.

5. Тажик жарандарынын фамилиясына "-ов", "-ова" мүчөлөрүн кошууга тыюу салган. Эмомали Рахмон 2007-жылы тажик элин фамилиядан "-ов", "-ова" уңгусун алып таштоого чакырган жана өзү биринчилерден болуп бул кадамга барган. Мыйзам 2016-жылы күчүнө кирип, тажик балдарынын аты-жөнүнө орус тилине мүнөздүү мүчөлөр уланбай калган. 

© Пресс-служба Президента РФ / Медиабанкка өтүүРабочий визит президента РФ В.Путина в Таджикистан для участия в саммите ОДКБ
Рабочий визит президента РФ В.Путина в Таджикистан для участия в саммите ОДКБ - Sputnik Кыргызстан
Рабочий визит президента РФ В.Путина в Таджикистан для участия в саммите ОДКБ

6. Эгемен өлкөнүн негиздөөчүсү, улут лидери наамдары ыйгарылган. 2016-жылы 26-октябрында парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттары Эмомали Рахмонго эгемендүү өлкөнүн негиздөөчүсү деген наам ыйгарган. Ошондой эле "Дүйнөнүн жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – улуттун лидери" деген наамды ыйгаруу мыйзамын бир добуштан колдошкон.

Президентские выборы в Казахстане - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Назарбаев 77 жашта! Эл башы тууралуу кызыктуу 15 факты
7. Каардуу президент. 2017-жылдын август айында Эмомали Рахмон Тажикстандын Хатлон облусуна иш сапары менен барган. Ал жакта салтка айланган ыр-бий менен тосуп алууда президентке "Очаджонхо" ("Энелер") ансамблинин дойрада кол ойноткондору жакпай калып, аталган облустун аялдар жана үй-бүлө маселеси боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Зиөда Саломова кызматынан кол жууган.

8. Тажик президенти ысырапкорчулукту колдобойт. Эмомали Рахмон ушул жылдын август айында калк кызыкчылыгын ашыкча чыгымдардан коргоо боюнча мыйзам долбоорун парламентке жиберген. Эгер мыйзам кабыл алына турган болсо балага байланыштуу ырым-жырымдар үй-бүлө ичинде гана өткөрүлөт. Сөөк коюу жөрөлгөсүндө мал союлбайт, келген элге тамак-аш сунушталбайт. Кафе, ашкана, ресторандардын администрациясы иш-чараны өткөрүп жаткан адам менен бирге эле чакырылган меймандардын саны жана убактысы боюнча жоопкер болот. Муну менен бирге иш-чара өткөрүүнүн убактысы да чеги менен белгиленген. Аталган мыйзамды бузгандарга айып пулдун көлөмүн жогорулатуу каралган. Жаңы нормаларды сактабаган мамлекеттик кызматкерлер жумуштан алынат

© Фото / Официальный сайт президента РТСтроительство плотины Рогунской гидроэлектростанции на берегу реки Вахш
Строительство плотины Рогунской гидроэлектростанции на берегу реки Вахш - Sputnik Кыргызстан
Строительство плотины Рогунской гидроэлектростанции на берегу реки Вахш

9. Тогуз баласы бар. Эмомали Рахмон жубайы Азизмо Асадуллаева менен эки уул, жети кызды тарбиялаган. Биринчи уулу Рустами экономика жааты боюнча билим алган. Аны менен катар "Истиклол" футбол клубунда ойногон. Бир катар жетекчилик кызматтарды аркалап келет. Ал эми биринчи кызы Фируза "Тажик темир жолунун" жетекчиси Амонулло Хукумовдун уулуна турмушка чыккан. Экинчи кызы Озода АКШда окуп, андан соң Америкадагы тажик элчилигинде эмгектенген. Алтынчы кызы Заррина "Шабакаи аввал" телеканалында диктор болуп иштеп жүрүп, 2013-жылы Сиевуш Зухуров аттуу спортчуга турмушка чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0