16:56 20 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3076
  • EUR78.9465
  • RUB1.0737
Трасса. Архивдик сүрөт

Кытайда жолго чуркап чыккан аял эки унааны кагыштырып салды. Видео

© Sputnik / Евгений Биятов
Азия
Кыскача шилтеме алуу
484 0 0

Жолго чуркап чыга калган аял жыгылып кетип, аны буйтап өтөм деген унаа кырсыкка кабылган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кытайда жолдун аркы бетинде өтүп бара жаткан автобуска жетишкиси келген кыз унаалардын кагышуусуна себеп болгондугун The Daily Mail басылмасы жазды.

Окуя Сычуань провинциясынын Случай шарында болуп, анча алыс эмес жердеги көзөмөл камерасына түшүп калган.

Анда көрүнүп тургандай, эркек менен аял автобуска жетишүү үчүн унаалар кымгуут каттап жаткан жолго чуркап чыгышат. Алгач эркек жолдон ийгиликтүү өтүп кеткени менен анын артындагы аялды аз жерден унаа кагып кете жаздаган. Ал эми жолдун ортосуна жыгылып калган аялды буйтап өтөм деген унаа алдындагы машинаны кагып алган.

Учурда шаардык полиция кырсыктын чоо жайын иликтеп жатат.

Тема боюнча

Төөнү коюп кеткен унаанын ичиндеги беш киши каза тапты. Алматыдагы кырсык
Белгилер:
эркек, аял, жол кырсыгы, Кытай
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ