Уулун 1000 долларга баалаган өзбекстандык аялдын ою ишке ашпай калды

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүЫмыркай көтөрүп турган аял. Архив
Ымыркай көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күч органдарынын өкүлдөрү аялды баласын сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармашкан

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Ташкентте жаш келин үч айлык баласын 1000 долларга баалап сатууга аракет кылып жатканда кармалганын облустук прокуратурага таянуу менен Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди.

Открытие нового следственного изолятора в Уссурийске - Sputnik Кыргызстан
Ымыркайын өлтүрүүгө шектелген аялдын жанын кыйганы тууралуу маалымат такталууда
Келиндин 27 жашта экени белгилүү болду. Анын ымыркайын сатууга ниеттенип жатканы тууралуу маалымат буга кайдыгер карабаган адамдардан келип түшкөн.

Учурда ымыркайын соодалоого аракет кылган аялга өлкөнүн "Адам сатуу" беренесинин негизинде айып тагылып, камакка алынды. Келин 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Тергөө башталып, кылмыштын себептери аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0