Өзбекстанда мугалимдерди жакадан алган аткаминердин видеосун прокуратура текшерүүдө

Жазылуу
Интернетке жана айрым басылмаларга Сайхунабад районунун башчысы делген киши жергиликтүү мектеп директорлорун алка-жакадан алып сабап жаткан видео жарыяланды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Сырдарыя облусундагы райондордун биринин башчысы мугалимдерди жаакка чаап жаткан видеонун чоо-жайын тактоо үчүн анын иликтенишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги өлкөнүн көзөмөл органдарына таянуу менен билдирди.

Шаршемби күнү интернетке жана айрым басылмаларга Сырдарыя облусундагы Сайхунабад районунун башчысы делген киши жергиликтүү мектеп директорлорун алка-жакадан алып сабап жаткан видео жарыяланган. Аткаминер Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамды начар уюштурганы үчүн сөгүш алгандыктан мектеп жетекчилерин ушундай ыкма менен "жазалаганы" айтылууда.

"Сырдарыя облусунун прокуратурасы интернетке жана айрым ЖМКларга чыгып кеткен видеону текшерип баштады. Башкы прокуратура иликтөөнү өз көзөмөлүнө алды", — деген пикирин булак билдирген.

Булактын айтымында, видеонун чоо-жайы аныкталгандан кийин ага түшүп калган кишилердин аракетине баа берилет. Андан соң процессуалдык чечим кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0