Тажикстанда аэропорттун директору президентти узатып жатып каза тапты

© AFP / YURI CORTEZВоздушная полиция Мексики
Воздушная полиция Мексики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жетекчи тик учакка өтө жакын турганы айтылууда

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Тажикстандын Хорог шаарындагы аэропорттун жетекчиси Дилдор Максудшоев президенттин тик учагын узатып жатып каза тапканын Sputnik Тажикстан агенттиги жазып чыкты.

Смертельное ДТП в селе Кайрыгач - Sputnik Кыргызстан
Ош: Кара-Сууда каршы тилкеге чыккан айдоочу 4 автоунаага урунуп, ала салып кетти
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ түштөн кийин тажик президенти Эмомали Рахмонду Дарваз районунан Душанбе шаарына узатып жатканда болгон. Максудшоев тик учакка өтө эле жакын турган. Кеменин абага көтөрүлүшүнөн пайда болгон катуу шамалдан улам бутунун алдындагы килем түрүлүп, ага кошо оролуп кеткен Максудшоев ташка барып урунган да, катуу жаракат алып, ооруканага бараткан жолдо каза болгон.

Укук коргоо органдары кырсыкты кокустук деп баалоодо.

60 жаштагы директордун тажиясы бүгүн Хорог шаарында болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0