Астанага Сирия боюнча сүйлөшүү үчүн бардык тараптар келишти

© Sputnik / Медиабанкка өтүүГорода мира. Астана.
Города мира. Астана. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириядагы куралдуу оппозициянын ар кыл топторунан да 24 өкүл келди

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн "Астана-6" жолугушуусунун катышуучулары, ал тургай куралдуу оппозициянын 24 өкүлү келди. Бул туурасында Казакстан ТИМи билдирди.

"14-сентябрда Сирия жаатындагы Астана сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы раунду башталат. Жолугушууга катыша тургандардын бардыгы кечээ Казакстанга келип түштү", — деп билдирген маалымат кызматы.

Ведомстводон Россиянын делегациясын Сириядагы абалды жөндөө боюнча атайын өкүл Александр Лаврентьев жетектеп келди. Ал эми Түркия менен Ирандын Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары келген.

Российские самолеты в аэропорту Латакии - Sputnik Кыргызстан
Сирияда тажикстандык экс-полковник Халимов жок кылынды
"Андан сырткары, БУУнун Башкы катчысынынын Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан Де Мистура, ал эми АКШ делегациясын мамлекеттик катчынын жакынкы чыгыш боюнча жардамчысы Дэвид Саттерфилд, иорданиялык делегация менен алардын ТИМ өкүлү келди", — деп айтылат уюштуруучу тараптын маалыматында.

Казакстан ТИМи, андан сырткары, Сириядагы куралдуу оппозициянын ар кыл топторунан 24 өкүл келгендигин билдирди.

Алар "бүгүн, эртең макулдашып, мурда күн тартибинде бекитилген маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрө тургандыгын жана буга чейин Астанада өткөн кеңешүүлөрдүн жыйынтыгы талкуулана тургандыгын" айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0