Самаркандда Ислам Каримовдун мемориалдык комплекси ишке берилет

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын тунгун президенти Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү
Өзбекстандын тунгун президенти Ислам Каримовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тарыхый имараттын ачылыш аземи Өзбекстандын мурдагы президентин эскерүү күнүнө карата 2-сентябрда өтөт

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Тунгуч президент Ислам Каримовдун Самарканддагы мемориалдык комплекси 2-сентябрда ачыла турганын Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, курулуш иштери ЮНЕСКОнун дүйнө баалуулуктар борбору жана Баалуулук, эстеликтерди сактоо боюнча эл аралык кеңеши тарабынан былтыркы жылдан бери жүрүп жатат.

Каримов Өзбекстан эгемендүүлүк алгандан кийин өлкөнү 25 жыл бою башкарган. 2016-жылы 2-сентябра 78 жашында жүрөгү кармап каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0