Казакстанда бал челек ташып бараткан автоунаа кырсыктап, айлананы аары каптаган

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПасека в Новгородской области
Пасека в Новгородской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"КамАЗ" автоунаасы жол жээгине жеңил машинанын жанына оодарылып, анын айдоочусун жабыркаткан.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Бал челек ташып бараткан автоунаа Павлодарда жол кырсыгына кабылып, анын чиркегичи оодарылып калган. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Кому меда? 🐝 📹 @vip_detail_pvl

Публикация от 🔝 Автосообщество ПАВЛОДАРА (@kolesa_pavlodara) Авг 21 2017 в 7:57 PDT

ДТП  с участием  Audi-100 и Nissan на 41-м километре трассы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин четинде мас айдоочунун айынан эне-бала мүрт кетти
Жол кырсыгы шейшемби күнү эртең менен саат 8:30дар чамасында болгон. Кырсыктын видеосу социалдык тармактарга тарады. Анда жолдо оодарылып жаткан чиркегичти көрүүгө болот. Ошондой эле аарылардын учуп жүргөнү байкалат.

Билдирүүгө ылайык, "КамАЗ" автоунаасынын чиркегичи чыгып кетип, жолдун каршы тарабында бараткан Mercedes-Benz автоунаасы менен кагышып, аны басып калган. Анын кесепетинен 34 жаштагы айдоочу жабыркаган.

"КамАЗ" автоунаасынын 21 жаштагы бала айдап баратканы маалымдалды. Учурда полиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0