Ташкентте Ислам Каримовго эстелик тургузулду

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРезиденция президента Узбекистана Ислам Каримова
Резиденция президента Узбекистана Ислам Каримова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ислам Каримов Өзбекстанды эгемендүүлүк алгандан бери 25 жыл бою башкарган

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ташкент шаарындагы Оксарой резиденциясынын алдына Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелиги орнотулганын Sputnik Өзбекстан агенттиги UzNews сайтына таянуу менен жазып чыкты. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовУстановка монумента первого президента Узбекистана Ислама Каримова
Установка монумента первого президента Узбекистана Ислама Каримова - Sputnik Кыргызстан
Установка монумента первого президента Узбекистана Ислама Каримова

Аталган резиденцияда Ислам Каримов атындагы кайрымдуулук фонду менен илимий-агартуучу мемориалдык комплекс иштейт.

"Эстелик расмий ачылгандан кийин жергиликтүү жана чет элдик жарандар анын алдына гүл коюп, биринчи президенттин ишмердиги менен тааныша алат", — деп жазылат маалыматта.

Андан сырткары, 16-августта Самарканд шаарында дагы Каримовго эстелик тургузулган.

Ал Өзбекстанды эгемендүүлүк алгандан бери 25 жыл бою башкарган. 2016-жылы 2-сентябра 78 жашында жүрөгү кармап каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0