Кытайда кыз-жигиттер өзүн "ижарага" берип күнүнө 1,5 миң долларга чейин табууда

© REUTERS / Muyi XiaoИндустрия "партнеров напрокат" в Китае
Индустрия партнеров напрокат в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өнөктөштү "ижарага" алуу кызматы көбүнесе үй-бүлөлүк майрамдардын алдында талап кылынат

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кытайда "өнөктөштү ижарага алуу" индустриясы дүркүрөп өнүгүп жатат. Себеби ата-энелер бойдок жүргөн балдар, кыздарынын тез арада үй-бүлөлүү болушун каалап жаткандыгында экенин РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Танцовщица и актриса Назбийке Айдарова - Sputnik Кыргызстан
Актриса Назбийке: баарынан баш тартып жолдошум менен айылда жашоого даярмын
Ата-энелер балдарына көпчүлүк учурда "качан турмуш курасың" деп психологиялык басым жасап келери айтылат маалыматта. Андыктан алардын мындай кысымына кабылбаш үчүн бойдок жаштар "өнөктөштөрдүн" кызматынан пайдаланышат.

Өзгөчө үй-бүлөлүк майрамдардын алдында "өнөктөш" балдар, кыздар бир суткада 1,5 миң долларга чейин иштеп таба алышат.

Жаштар "өнөктөштөрдү" интернет аркылуу издешет. Ал үчүн iOS системасын колдонгодор үчүн атайын тиркеме да иштелип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0