Көзүн кыскан депутат аялды өзбекстандыктар жапырт талкуулап жатат

© © SputnikПросмотр ролика Youtube в котором депутат Дилфуза Жалилова подмигивает в эфире узбекского ТВ
Просмотр ролика Youtube  в котором депутат Дилфуза Жалилова подмигивает в эфире узбекского ТВ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бухара облусунун эл депутаттарынын кеңешинин ролу туурасындагы суроого "Миллий тикланиш" партиясынын мүчөсү Дилфуза Жалилова "ролу бар" деп жооп берип, көзүн партиялашына ымдаган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Интернет айдыңына Өзбекстандагы "Миллий тикланиш" партиясынын мүчөсү Дилфуза Жалилованын көзүн кысып жаткандагы видеосу тарап кетип, элдин жапырт талкуусана түштү.

"Муносабат" телеберүүсүндө Жалиловага "Бухара облусунун эл депутаттарынын кеңешинин ролу кандай, парламенттин мыйзамчыларынын көзөмөлүнүн жыйынтыгы кана?" деген собол узатылган.

Ага "Бар, ролу бар", — деп жооп берген депутат айым студияда катар турган кесиптешине сол көзүн кысып койгон.

Элдин бир катары анын бул аракетин калп айтып жаткандагы белгиси десе, башкалар мында эч канда жаман нерсе көрбөгөндүгүн айтып, аны мыскылдашкан.

Өзбекстандагы "Миллий тикланиш" демократиялык партиясы 2008-жылы түптөлгөн. Максаты элдин мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, улуттук аң-сезимди өстүрүү, Өзбекстан жарандарынын улуттук сыймыгын арттыруу экенин айтып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0