Бутка турушум керек! Эки буту жок казакстандык кыз машыгуудагы сүрөттөрүн чыгарды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Instagram пользователя katerina_parafieva
Снимок с социальной сети Instagram пользователя katerina_parafieva - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Екатерина мындан эки ай мурун болгон жол кырсыгынан жабыркап, эки бутун кестирүүгө мажбур болгон

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Кырсыктан улам эки бутунан ажыраган алматылык Екатерина Парафиева Instagram баракчасына машыгып жаткандагы сүрөттөрүн жарыялады. Кыздын башынан өткөргөн окуясын жазып чыкты. 

Жарым жан кылган авария 16-июнь күнү болгон. Honda унаасынын айдоочусу менен анда жүргүнчү болуп бараткан Елена дөңгөлөктүн жарылганынан улам сыртка чыгып, жардам күтүп турушкан. Так ошол маалда каршы тилкеден чыга калган Toyota жүргүнчү ташып бараткан автобус менен кагыша кетип, жол жээгинде турган Honda унаасын көздөй кулайт. Натыйжада жардам күтүп турган эки кыз машиналардын ортосуна кыпчылып калат, Парафиева эки бутун кестирүүгө аргасыз болот…

Учурда жабырлануучу реабилитациядан өтүп, спорт менен машыгууда.

"Тоонун чокусуна чыккандагы сезимдерди эстедим. Ажайып кооздук ушунчалык жан дүйнөңө сиңип, эми мындай сулуулуксуз жашай алчудай эмессиң… Жылмайып, жакшы маанайда ойгондум. Бутума турууга милдеттүү экениме бүгүн дагы бир ирет ынандым", — деп ой толгоосу менен бөлүшөт Екатерина.

#нашитренировочныебудни Моя уже такая любимая, родная и сумасшедшая @kiraudarceva, мы сможем все ☺💪 ****** Когда я увидела Катюшу в первый раз…. худенький, слабенький, раненный котенок. Познакомились. Поговорили. Посмеялись. Вот тут то я и увидела, по ВСЕМ реакциям, что передо мной вооовсе не кАтенок:) Что передо мной очень: красивая, сильная, умная, молодая женщина! Что она будет бороться, биться до упора. Что вопреки боли, слабости, слезам, да всему! Она выиграет эту битву! Мы начинали понемногу, потихоньку, очень бережно. Аккуратно увеличивая нагрузку. Справились с последствиями пневмоторакса. Немного подкачали ручки, шейку, спинку. Катюша выучила упражнения, правильное дыхание. Умничка! И вот с сегодняшнего дня, мы увеличиваем нагрузку. Медленно, по чуть чуть, осторожно. Уверена результаты будут! Катя еще та спортсменка:))) Горжусь тобой, моя девочка! Ты большая труженица! "Катюш, устала? Отдыхай!". "Нет Кира, нормально". А я же руками чувствую, как начинают подрагивать мышцы, по глазам вижу, что пора отдыхать! "Отдыхай!!!!!!!!" Ты пройдешь через все это! С достоинством! С улыбкой! Ты встанешь на протезы с подготовленным, крепким мышечным корсетом. Я верю в тебя, уже такая родная, хитрулькина Катюшка:)

Публикация от Катерина Парафиева (@katerina_parafieva) Июл 17 2017 в 7:44 PDT

Соцтармактагылар Парафиевага моралдык колдоо көрсөтүп жатышат. Буга чейин Екатерина жакшы сөз айткан адамдарга ыраазычылык билдирип, жакында ооруканадан чыгарын жар салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0