Кыргызстан аркылуу Сириядагы согушка барам деген казак жараны алты жылга кесилди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор № 2 "Бутырская тюрьма"
Следственный изолятор № 2 Бутырская тюрьма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран Кыргызстан аркылуу Түркияга учуп, андан ары Сирияга жетүүгө аракет кылган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Сириядагы согушка катышууга аракет кылган казак жаранын Алматы шаардык соту алты жылга кескенин Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди.

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Интерпол 173 жан кечти террорчунун тизмесин жарыялады
Маалыматка ылайык, салафизм радикалдык диний агымынын жактоочусу Кыргызстан аркылуу Түркияга андан ары Сирияга жетүүгө аракет кылган. Ал "Жабхат ан-Нусра" террордук уюмунун катарында согушка катышууну каалаган.

Аталган ишти буга чейин Алматынын Алмалы райондук соту карап, кармалган жаранды күнөөлүү деп тапкан. Соттолуучу тосмо арыз менен шаардык сотко кайрылган. Алматы шаардык соту райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0