Кытай өлкө тарыхында болбогон күчтүү армия түзөрүн жар салды

© REUTERS / CHINA DAILYПарад, посвященном 90-летию Народно-освободительной армии Китая
Парад, посвященном 90-летию Народно-освободительной армии Китая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цзиньпин өз сөзүндө тынч жашоо ар бир элдин бактысы экенин айтып, аны сактоо улуттук армиянын башкы жоопкерчилиги экенин баса белгилеген.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин аскер парадында сүйлөп жатып, коюлган максаттарга жетүү үчүн жана жеке коопсуздугун камсыздоо үчүн өлкө тарыхындагы эң күчтүү аскер түзүү керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

Кургактагы аскер күчтөрүнүн кол башчысынын жардамчысы Таалайбек Мырзабаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мырзабаев: бүгүнкү күндө жоокерлердин курсагы ток
Аскер парады жекшемби күнү Чжужихэ аскер полигонунда өткөн. Кытайдын элдик-куткаруу армиясы үчүн өткөрүлүп жаткан аскерий иш-чара 1949-жылдан бери биринчи жолу уюштурулган. Ага 12 миң аскер, 129 учак жана 571 даана аскер техникасы катышкан.

Цзиньпин өз сөзүндө тынч жашоо ар бир элдин бактысы экенин айтып, аны сактоо улуттук армиянын башкы жоопкерчилиги экенин баса белгилеген.

Кытайдын элдик-куткаруу армиясы 1927-жылы 1-августта негизделген. Учурда анын курамында 2 миллион киши бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0