Астанада "сүйлөшкөн" кызын досуна 150 долларга сатып жиберген жигит соттолду

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи самоубийства в Кыргызстане
Случаи самоубийства в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
33 жаштагы адам сүйлөшкөн кызын апасы менен тааныштырам деп Астанага алдап алып келген

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Астана шаарынын апелляциялык соту сүйлөшкөн кызын өз досуна 50 миң теңгеге (150 доллар — ред.) сатып ийген адамга карата соттун мурдагы чечимин күчүндө калтырганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Пакистанда 20 кишиден турган Айыл кеңешинин чечими менен 16 жаштагы кыз ата-энесинин көзүнчө зордукталган үй - Sputnik Кыргызстан
Пакистан: Айыл кеңешинин чечими менен 16 жашар кыз эл алдында зордукталды
Мурдараак Есильский районундагы №2 сот аны Казакстандын Кылмыш жана жаза кодексинин 128-беренеси (Адам сатуу) менен 2,5 жылга эркинен ажыраткан.

Маалыматка караганда, 20 жаштагы кыз менен 33 жаштагы жигит Алматы шаарында таанышкан. Соттолуучу кызга үйлөнөм деп сөз берип, апасы менен тааныштырмакчы болуп Астанага алып келет да, өзүнүн досуна сексуалдык кулчулукка 50 миң теңгеге сатып жиберген.

Айрым маалымат каражаттары жабыркаган кыз буга чейин интимдик кызматтарды көрсөтүп жүргөн деген божомолун айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0