Казакстандын Таразында 6 килограммдан ашык салмактагы кыз төрөлдү

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүЖительница Томска родила мальчика весом почти в 6,5 кг
Жительница Томска родила мальчика весом почти в 6,5 кг - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Балбан кызды" 29 жаштагы эне төрөгөн. Ал буга чейин эки балалуу болгон.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Казакстандын Таразында төрөт үйүндө салмагы 6 килограмм 265 грам, бою 67 сантиметр болгон кыз төрөлгөнүн Sputnik Казакстан маалымат агенттиги zhambyknews.kz порталына таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ымыркай кыз 25-июлда төрөлгөн. Дарыгерлер акыркы беш жылдан бери көлөмдүү бөбөктөр төрөлө электигин билдиришкен.

"Балбан кызды" 29 жаштагы эне төрөгөн. Ал буга чейин эки балалуу болгону маалыматта белгиленет.

Казакстандын Актау аймагында 2016-жылы салмагы 6 килограмм 100 грамм болгон кыз жарык дүйнөгө келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0