Өзбекстандын банктары автоунаа сатып алуу үчүн насыя берүүнү токтотту

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАвтосалон. Архив
Автосалон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстан өз жарандарына ата мекендик өндүрүштөн чыккан автоунааларды сатып алууга насыя берүүнү бир жарым ай мурда эле баштаган.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өзбекстандын банктары GM Uzbekistan фирмасынын автоунааларын сатып алуу үчүн насыя берүүнү токтотту. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, мындай кадам кайтадан каржылоо коюмдары жогору болгондуктан жасалган. Быйыл 28-июндан тарта Борбордук Банк жылдык пайыздык коюмду 14 пайызга жогорулаткан.

"Азыр насыяны машиналарды колдон сатып алуу үчүн эле берип жатабыз. Жаңы автоунаа сатып алуу үчүн насыя берүү белгисиз убакытка токтотулду", — деп "Капиталбанктын" өкүлү билдирген.

Белгилей кетсек, Өзбекстан өз жарандарына ата мекендик өндүрүштөн чыккан автоунааларды сатып алууга насыя берүүнү бир жарым ай мурда эле баштаган.

Насыя берүүдөн баш тартууга биринчиден сумдун долларга жана еврого болгон кунунун түшүшү себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0