Казакстанда жүрөк үшүн алган бороон катталды. Видео

Жазылуу
Социалдык тармактардын колдонуучулары шамалдын кесепеттери тууралуу ар кандай сүрөт жана видеолорду жүктөп, жабыркагандарга жардам көрсөтүүнү суранып жатышат.

Усть-Каменогорск шаарында катуу бороон болуп, жыйынтыгында беш адам жабыр тарткандыгын Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Дүйшөмбү күнү кечинде болгон бороон бактарды жыгып, үйлөрдүн чатырын учуруп, унааларга залакасын тийгизген. Ошондой эле бир нече район жарыксыз калган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 35 имараттын чатыры учкан.

"Шаардык ооруканага беш жабырлануучу кайрылды. Дарыгерлер текшергенден кийин экөө үйүнө жиберилди", — деп жазылат макалада.

Социалдык тармактардын колдонуучулары шамалдын кесепеттери тууралуу ар кандай сүрөт жана видеолорду жүктөп, жабыркагандарга жардам кылууну суранып жатышат.

Казгидрометтин маалыматына ылайык шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жетээри тууралуу кабар берилген. Бирок, айрым жерлерде анын ылдамдыгы секундасына 34 метрге жеткени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0