Мирзиёев депутаттарды соцтармактан баракча ачууга милдеттендирди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин встретился с президентом Узбекистана Ш. Мирзиеевым
Президент РФ В. Путин встретился с президентом Узбекистана Ш. Мирзиеевым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин пикиринде бүгүнкү күнү Өзбекстандагы саясий партиялар элге берген убадаларын аткарбай жатышат. Андыктан депутаттар эмне иш кылып жатканын карапайым калк билиши керек.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Олий Мажлистин депутаттары менен сенаторлорун социалдык тармактардан баракча ачууга милдеттендирди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги билдирди.

Социалдык тармактардын телефондогу тиркемелери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адистер WhatsApp менен Twitter өздүк маалыматтарды жашыра албастыгын айтышты
Өлкө башчысы депутаттар эмне иш кылып жатканын эл билип турушу керектигин айтып, андыктан ушундай кадамга барып жатканын түшүндүрүп берди. Мирзиёев бул иш менен алектенүүнү маалыматтык технологияны жана коммуникацияны өнүктүрүү боюнча министрге тапшырды.

Президенттин пикиринде бүгүнкү күнү Өзбекстандагы саясий партиялар берген убадаларын аткарбай жатышат. Андыктан депутаттар эмне иш кылып жатканын карапайым калк билиши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0