Астанага атактуу актер Николас Кейж келет

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүү"Оскар" жана "Золотой Глобус" сыйлыктарынын ээси, атактуу актер Николас Кейж. Архив
Оскар жана Золотой Глобус сыйлыктарынын ээси, атактуу актер Николас Кейж. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кейж менен кошо Голливуд жылдыздары Жон Малкович, Эдриан Броудинин дагы келиши күтүлүүдө.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. "Оскар" жана "Золотой Глобус" сыйлыктарынын ээси, атактуу актер Николас Кейж Астанага келет. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Кейж менен кошо Голливуд жылдыздары Жон Малкович, Эдриан Броудинин дагы келиши күтүлүүдө.

Дүйнөгө атагы чыккан актерлер 22-28-июль күндөрү Астана шаарында өтө турган XIII эл аралык "Евразия" кинофестивалына катышуу үчүн келгени жатышат.

"Евразия" кинофестивалынын алкагында Казакстан, Орто Азия жана түрк тилдүү өлкөлөрдүн тасмалары көрсөтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0