Тажикстан 12 жылдык билим берүү системасына өтөт

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүМероприятия по случаю 70-летия 201-й российской военной базы в Таджикистане
Мероприятия по случаю 70-летия 201-й российской военной базы в Таджикистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажикстан 2016-жылдан тарта 12 жылдык билим берүү системасына өтүшү керек болчу. Бирок каатчылыктан жана өлкөдөгү мектептердин аздыгын эске алуу менен билим берүү министрлиги бул аракеттерди 2020-жылга жылдырууну сунуштаган.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Тажикстанда жалпы билим берүү 2020-жылдан тарта 12 жылдык болорун өлкөнүн Билим берүү жана илим министри Нуриддин Саид билдиргенин Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги билдирди.

Обладатель высшего балла ОРТ-2017 Абай Жанузаков - Sputnik Кыргызстан
ЖРТдан озуп чыккан Абай: президенттин жанына отурганда муунум калчылдап калды
Ал ошондой эле 12 жылдык билим берүү системасына өтүү 2032-жылга чейин аяктарын баса белгилеп, мындай кадам окуучулардын жогорку окуу жайларга жакшы даярдануусуна шарт түзүп, өзүнө жаккан кесипти тандоого мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Тажикстан 2016-жылдан тарта эле 12 жылдык билим берүү системасына өтүшү керек болчу. Бирок каатчылыктан жана өлкөдөгү мектептердин аздыгын эске алуу менен билим берүү министрлиги бул аракеттерди 2020-жылга жылдырууну сунуштаган.

2020-2021-окуу жылынан тарта мектептер 6 жашар улан-кыздарды кабыл алат. Биринчи жарым жылдыкта алар мектепке чейинки программа менен билим алышса, экинчи жарым жылдыктан тарта мектеп программаларын өтүп башташат.

Жаңылыктар түрмөгү
0