Кытай: өспүрүм айдай качкан автобус менен 40 мүнөт бою шаар аралап жүргөн

CC BY 2.0 / srgpicker / TractoristaРебенок за рулем игрушечной машинки.
Ребенок за рулем игрушечной машинки. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция кызматкерлери унааны эмнеге уудаганын сураганда бала бетин алаканы менен жаап, жооп берүүдөн баш тарткан.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Кытайдын Гаунчжоу шаарында болжол менен 11 жаштагы окуучу автобусту уурдап, аны шаар ичинде 40 мүнөттөй айдап жүргөнүн BBC телеканалы билдирди.

Автобустун рулунду өспүрүм бала олтуруп баратканын байкап калган адамдар ал тууралуу полицияга кабарлаган.

Представитель пресс-службы Ошского областного ГУВД Замир Сыдыков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Сыдыков: табылган 10 жашар кыз буга чейин да үйүнөн качкан
Бала 40 мүнөт ичинде унааны кылдаттык менен башкарып, эч кимге залакасын тийгизген эмес. Мектеп окуучусу унааны кантип айдай качканы азырынча белгисиз. Бирок анын кире беришиндеги эшигинин айнеги сынып калган.

Автобуска ээлик кылган компаниядан билдиришкендей, бул өспүрүм мурда дагы уюлдук телефон жана капчык уурдап кармалган. Кайсы бир видео көзөмөлдөн алынган материалдарда бала имаратка колуна чылым кармап алып кирип бара жатканын көрүүгө болот.

Полиция кызматкерлери унааны эмнеге уудаганын сураганда бала бетин алаканы менен жаап, жооп берүүдөн баш тарткан.

Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына караганда, жаш курагына байланыштуу бала жоопко тартылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0