Астанадагы аэропортко Нурсултан Назарбаевдин ысымы ыйгарылды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурсултан Назарбаевдин аты Казакстанда гана эмес, башка өлкөлөрдөгү ар кайсы объектилерге дагы берилген.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Астана аэропорту эми "Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропот" деп аталарын Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Кантип суктанбайсың? Астанадагы ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнүн ачылышынан видео - Sputnik Кыргызстан
Кантип суктанбайсың? Астанадагы "ЭКСПО-2017" көргөзмөсүнүн ачылышынан видео
Казак өкмөтүнүн бул боюнча жарлыгын расмий ЖМКлар жарыялады.

Нурсултан Назарбаевдин аты Казакстанда гана эмес, башка өлкөлөрдөгү ар кайсы объектилерге дагы берилген. Мисалы, Голландия менен Японияда Казакстандын биринчи президентинин атын жоогазын жана хризантема гүлдөрүнүн жаңы сорттору алып жүрөт. Ал эми Түркиянын төрт шаарындагы проспектилери Назарбаев деп аталат. Бул өлкөдө эл башынын айкели дагы коюлган.

Мурдараак казак парламенти өлкө борборунун аталышын "Нурсултан" же "Назарбаев" деп алмаштыруу идеясын көтөрүп чыккан. Бирок президент аларга ыраазычылык билдирүү менен бул демилгени колдоого алган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0