Баян Максат кызы бир жылга чейин унчукпай турарын айтты

© Sputnik / Болат ШайхиновИзвестный казахстанский продюсер Баян Максат кызы
Известный казахстанский продюсер Баян Максат кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Продюсер "Баян" аттуу китеп жазып, окурмандарга эскерүүлөрүн жана ой-толгоолорун сунуштаган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Казакстандык белгилүү продюсер Баян Максат кызы (мурдагы фамилиясы Есентаева) "Баян" аттуу биографиялык китеби чыккандан кийин бир жылга чейин эч кандай интервью бербей турганын жар салды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

"Бул менин көпчүлүккө берген жообум. Бул китеп жарыкка чыккандан кийин бир жылга чейин унчукпайм", — дейт Баян Instagram баракчасындагы видеодо.

Снимок с социальной сети instagram пользователя bayanmaxatkyzy. Известный продюсер Баян Максаткызы (прежняя фамилия — Есентаева) - Sputnik Кыргызстан
Баян Есентаева тууралуу суроолор жалпы республикалык тестирлөөгө кирди
Бир нече күн мурда Баян Максат кызы июнь айынын башында жолдошу Турсенгали Алагузов менен бир журналдын биринчи бетине үйлөнүү үлпөт көйнөгүн кийип чыккан. Мындан кийин коомчулук арасында продюсердин жеке турмушуна кызыккан суроолор арбыган.

Эскерте кетсек, Баян Максат кызы бир нече ай мурун таяктап, бычактап салган күйөөсү Бахытбек Есентаев менен ажырашып кеткен. Ал эми Есентаев тогуз жылга эркинен ажыратылган. Баян оор абалда ооруканага жеткирилип, калыбына келүү боюнча курстан өткөн.

Ал эми жыл башында жеке ишкер Турсенгали Алагузовдун баш кошуу сунушун кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0