Казакстанда Акмоло облустук сотунун судьясы киши колдуу болду

© AFP / ANTHONY WALLACE Арест гражданина
Арест гражданина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
46 жаштагы аялдын сөөгү кечээ табылган. Учурда кылмышка шектүү киши кармалганы айтылууда.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Казакстандын Көкшетау шаарындагы өз үйүнөн Акмоло облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын төрайымы Жанна Бердыгулованын сөөгү табылганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Адвокат Болот Баетовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Баетов: милициянын өлүмү боюнча бөлүм башчы соттолду
13-июнь күнү эртең менен Бердыгулованын айдоочусу адаттагыдай эле маркумдун үйүнө келген. Телефонуна жооп бербегендиктен ал соттун үйүнө эшигин ачып кирип, 46 жаштагы аялдын сөөгүн тапкан.

Бул факты боюнча укук коргоо органдары Кылмыш жаза кодексинин 99-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Аялды өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы киши кармалды.

Жанна Бердыгулова бир жумадан кийин Алматыга которулуп кетмек.

Жаңылыктар түрмөгү
0