Кыргызстандагы ыңкылапты каржылады делген Мухтар Аблязов 20 жылга кесилди

© Sputnik / Владимир Третьяков / Медиабанкка өтүүЭкс-глава совета директоров БТА Банка Мухтар Аблязов
Экс-глава совета директоров БТА Банка Мухтар Аблязов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аблязов ири акча чайкоочулук аракеттерин ишке ашыруу үчүн түрдүү мамлекетте жашаган 100дөн ашык кишиден турган коом түзгөн деп айыпталууда.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Казакстандагы БТА банкынын мурдагы башчысы Мухтар Аблязов мамлекеттер аралык издөөдө жүргөндүктөн Алматынын атайлаштырылган райондор аралык соту аны сыртынан 20 жылга кести. Бул тууралуу Sputnik Казакстан маалымат агенттиги билдирди. 

Суд над политиком Омурбеков Текебаевым - Sputnik Кыргызстан
УКМК Маммүлк фондусунун экс-төрагасы Абдылдаевге издөө жарыялады
Мындан сырткары, ага 680 миң теңге айып салынды, банк тармагында иштөө укугунан ажыратылып, мүлкү камакка алынды.

Мамлекеттин карамагына өтө турчу мүлктөрдүн катарында Алматы шаарынын Горная көчөсүндөгү үйлөрү, Nissan үлгүсүндөгү машинасы жана "БТА Банк" акционердик коомундагы жеке эсеби бар.

Мурдагы банкирдин жаза мөөнөтү камакка алынган күндөн тарта эсептелет.

Аблязов 2009-жылдан бери из жашырып жүрөт, алдын ала маалымат боюнча Францияда жашап келет. Ал БТА банктын акчаларын уурдап, кылмыштуу топ түзгөн, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып уурдалган каражатты адалдаган деп айыпталган.

Соттолгондордун арасында БТА банктын топ-менеджментинде иштегендер — БТА банктын төрагасынын мурдагы орун басары Жаксылык Жаримбетов, насыялоо боюнча мурдагы директор Кайрат Садыков жана башкармалыктын мурдагы төрагасы Садуакас Мамеш сот жообуна тартылды. Алардын баары ири өлчөмдө акча уурдаган деп айыпталууда.

Камактагы экс-депутат Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун иши 12-июнда карала турган болду
Садуакас Мамеш менен Жаксылык Жаримбетов аларга коюлган айыптарды моюндаган, Кайрат Садыков ага коюлган күнөө менен жарым-жартылай макул болгон.

Жаримбетов менен Мамеш эркинен шарттуу түрдө беш жылга ажыратылды. Садыков 15 жылга кесилип, сот залынан камакка алынды.

Белгилей кетсек, Аблязов 2005-жылы Кыргызстанда болгон революцияларды каржылаганын Франциянын Liberation басылмасына берген маегинде маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0