01:09 26 Кулжа 2017
Түз эфир
Кадр из видео, запечатлевшего, как молодой человек избивает пожилого водителя. Фото со страницы Instagram пользователя kazakh_video

Улуу кишини тепкилеген казакстандык жигит тарап кеткен видеодон кийин кармалды

© Sputnik / Азамат Тотубаев
Азия
Кыскача шилтеме алуу
264505

Интернетке чоң жолдо автоунаадан чыккан кишини аёосуз тепкилеп басып кеткен жаш жигиттин видеосу тарап, ал нааразылыктардын толкунун жараткан. Милиция аны таап, кармады.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Астанада өзүнөн улуу кишини аёосуз тепкилеген казакстандык жаш жигит видеого тартылып калып, көп өтпөй милиция тарабынан кармалды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Что скажете?😳#kazakh_video

Публикация от 🇰🇿 Казахстан| Видео| Новости 🔹 (@kazakh_video) Май 17 2017 в 6:07 PDT

Мындан бир нече күн мурда көргөн адамдын ачуусун келтирген видео социалдык тармакка тарап кеткен. Анда болжол менен Астана шаарында жолдо автоунаадан жаңы түшүп келе жаткан өзүнөн бир топ улуу кишини жаш жигит ай-буйга келтирбей, ур-токмокко алып, жаткыра тепкилегендиги көрүнүп турат.

Борбор калаанын Ички иштер департаменти окуяга тиешеси бар 23 жаштагы жигит 17-майда Астана шаарында кармалгандыгын билдирди.

ИИМ аталган факты боюнча тергөө иштери башталгандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Милиционерлер сабаган жигиттин үй-бүлөсү койгон доосунан баш тартты
Журналист, күзөтчү жана окучуулар катышкан жаңжал видеокамерага түшүп калган
Белгилер:
жигит, ур-токмокко алуу, айдоочу, милиция, Астана

ЭҢ МААНИЛҮҮ