Кытайда операция маалында мушташып кеткен хирургдардын видеосу тарады

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОперация на позвоночнике
Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушташты биринчи аял дарыгер баштап, эркек хирургду чаап жиберген, мындайды күтпөгөн доктур жооп иретинде кесиптешин бир нече ирет чапкылап ийген.

БИШКЕК, 19-май. — Sputnik. Кытайдын ооруканаларынын биринде хирургдар ортосунда мушташ чыгып кеткен. Окуянын видеосу Shanghaiist маалымат порталынын Facebook баракчасына жарыяланды.

Операция залында аял жана эркек дарыгерлердин ортосунда пикир келишпестик жаралып, аял эркек хирургду чаап жиберген, мындайды күтпөгөн эркек кесиптешин бир нече жолу согуп салган.

Алардын ортосуна башка дарыгерлер арачага түшкөн.

Порталдын маалыматына ылайык, окуя Хэнань облусунун Ланькао шаарынын ооруканаларынын биринде катталган. Полиция кызматкерлери клиниканын жетекчилиги менен бирге окуянын чоо-жайы боюнча тергөө жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0