Нурсултан Назарбаев англисче сүйлөдү. Жолугушуу учурундагы кадрлар

© Фото / Официальный сайт президента РКВстреча президента РК Нурсултана Назарбаева с главой АОО "Назарбаев университет" Шигео Катс
Встреча президента РК Нурсултана Назарбаева с главой АОО Назарбаев университет Шигео Катс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчы "Назарбаев Университет" окуу жайынын жетекчиси менен жолугушту.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев "Назарбаев Университет" окуу жайынын президенти Шигео Катсу менен жолугушуу учурунда англисче бир ооз сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан Акордого шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Жолугушуу учурунда Казакстандын башчысына билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат берилген.

"Университеттин жети жылдык ишмердүүлүгүнүн ичинде эң мыкты окуу жайлардын системалары киргизилгени жана мыкты жаштар тандалганы тууралуу дагы маалымат берилди", — деп айтылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жыл ичинде "Назарбаев Университет" окуу жайы үчүнчү ирет бүтүрүүчүлөрдү уясынан учурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0