Флешмоббу? Казакстандын көчөлөрүндө дырдай жылаңач адамдар пайда боло баштады

© Sputnik / Алексей Дудыкин / Медиабанкка өтүүКыздын буттары. Архив
Кыздын буттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алматынын аэропортунда жана Казакстандын түштүк тарабындагы шаарлардын биринде жылаңач жүргөн адамдардын видеосу социалдык тармактарга тарады.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Интернетте Казакстандын шаарларында жылаңач жүргөн эркек менен аялдын видеосу тараганын Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Бул роликтер интернет тармагында катуу талкууга алынууда. Instagram тармагындагы kris_p_almaty деген колдонуучунун баракчасына чыккан видеодон жылаңач кишини полиция кызматкерлери алып кетип баратканын көрүүгө болот. Күбөлөр аны Алматынын аэропортунан тартып алышкан. Кийинчерээк аккаунт колдонуучу тарабынан жабылып калган.

Көрсө шаршемби күнү полиция кызматкерлерине Алматы шаарынын тургундары чалып, аэропорттогу жылаңач эркек ар кимге тийишип жатканын кабарлаганы маалым болгон. Жол кайгуул кызматынын экипажы аны моюн толгогонуна карабай, күчкө салып унаага отургузуп алып кеткен.

Симферополдогу Крым Республикасынын сулуулары — 2017 конкурсунун катышуучулары - Sputnik Кыргызстан
Апта ирмеми: жарым жылаңач сулуулардан автомат кармаган аскерлерге чейин
Текшере келгенде 1976-жылы туулган киши буга чейин бир нече ирет соттолгону аныкталган. Полиция участогуна психиатриялык бригада чакырылган. Ошондой эле шаардык психоневрологиялык диспансерге кишинин каттоодо турган-турбагандыгын аныктоо үчүн билдирме жөнөтүлгөн. Кийнчерээк ал административдик жоопкерчиликке тартылган.

Экинчи видео интернетке кечээ күнү таркады. Анда жылаңачтанган кыз көчөдө кебелбей кетип баратканын көрүүгө болот. Болжолдуу маалыматтарга караганда, окуя Казакстандын түштүгүндөгү шаарлардын биринде болгон.

Бул эки каармандын мындай кадамга баруусуна эмне түрткү болгону белгисиз. Айрым интернет колдонуучулар кыз мелдеше кетип, ушундай кадамга барышы мүмкүн деп жазышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0