Кытайда уратылган көп кабаттуу имарат элдин эсин чыгарды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с видехостинга Youtube канала Demolition Sends Pedestrians Fleeing. Демонтаж здания в Китае
Снимок с видехостинга Youtube канала Demolition Sends Pedestrians Fleeing. Демонтаж здания в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар бийлиги түрттүрүлө турган имарат боюнча элге кабар бергени менен анын айланасын курчоого алган эмес.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кытайдын Чжанчжоу шаарындагы 12 кабаттуу имаратты уратып бузуу жергиликтүү тургундардын эсин чыгарганын Mashable басылмасы жазып чыкты. 

Youtube сайтына жарыяланган видеодо көрүнгөндөй, көчөдө кетип бараткан жай тургундар чочуп кетип, жолдун каршы тарабын көздөй чуркаганын көрүүгө болот. Себеби, ураган имараттан чыккан чаң көчөнүн жарымын каптаган.

Шаар бийлиги түрттүрүлө турган имарат боюнча элге кабар бергени менен анын айланасын курчоого алган эмес. Эски имаратты жардырууга туура келген эмес. Анын негизги тирөөчтөрүн алгандан кийин ал өзү эле жерге урап түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0