Тажикстандын китепканасына тамгалары алтындын буусу менен жазылган Куран коюлду

© Фото / САЙТ НАЦИОНАЛЬНОЙ БИБЛИОТЕКИ ТАДЖИКИСТАНЦенный экземпляр Корана в Национальной библиотеке Таджикистана
Ценный экземпляр Корана в Национальной библиотеке Таджикистана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күнү китепканада Курандын кол менен жазылган 15 экземпляры сакталып турат.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Курандын баалуу экземпляры Тажикстандын Улуттук китепканасына коюлду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан кабарлады.

Китепкананын сайты маалымдагандай, серепчилер китептин жазуу стили XVI кылымга таандык экенин айтышкан, бирок Куранда анын жазылуу убактысы жана "автору" көрсөтүлгөн эмес. Ыйык китептин алдыңкы эки жана арткы эки барагы алтынжын буусу менен жазылган. 

© Фото / САЙТ НАЦИОНАЛЬНОЙ БИБЛИОТЕКИ ТАДЖИКИСТАНТажикстандын Улуттук китепканасында сакталган Курандын баалуу экземпляры
Ценный экземпляр Корана в Национальной библиотеке Таджикистана - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын Улуттук китепканасында сакталган Курандын баалуу экземпляры

Бүгүнкү күнү китепканада Курандын кол менен жазылган 15 экземпляры сакталып турат. Алардын ар биринин өзүнүн тарыхы жазылып, оюу-чиймелердин сүрөтү түшүрүлгөн. Буга чейин Татарстанда (Россия) белгилүү "Казань Куранынын" басылмасын жаңыртышкан. Биринчи жолу бул китеп 1787-жылы Санкт-Петербургда Екатерина IIнин жарлыгына ылайык басылып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0