23:00 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Мык. Архивдик сүрөт

Кытайда мээсине беш сантиметр мык сайылып калган киши ажалдан аман калды

© flickr.com / Craig Dugas
Азия
Кыскача шилтеме алуу
21410

Мык анын чекесине сайылып, бирок өмүрүнө коркунуч жарата турган кан тамырларына жеткен эмес.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кытайдын Хубэй провинциясынын жашоочусу курулуш иштерин жасап жатканда мээсине мык сайылып, беш сантиметрге чейин кирип кеткен. Бул туурасында РИА Новости China News Service агенттигине шилтеме берүү менен жазды.

Жүрөктүн үшүн алган окуя 12-апрелде Цзыгуй уездинин Ичан шаар окуругунда болгон. Жабыркаган адам шаардык ооруканага жеткирилген.

Нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Чжао Дунгандын айтымында, узундугу сегиз сантиметр болгон мыктын беш сантиметри чекесине кирип кеткен. Аны ооруканага алып келгенде эс учун жоготуп, комага түшүп калган.

Мык анын чекесине сайылып, бирок өмүрүнө коркунуч жарата турган кан тамырларына жеткен эмес. Аны сууруп чыгарууда кыйынчылык жаралган. Операция эки саатка созулуп, ийгиликтүү аяктаган. Учурда жаран ооруканада жатат.

Тема боюнча

Терезеден ыргытылган бычак эшикте жүргөн баланын башына сайылып калган
Белгилер:
мык, мээ, операция, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ