Түркмөнстанда ахалтекин жылкылары арасында "сулуулук" сынагы өтөт

© Sputnik / Александр Лыскин / Медиабанкка өтүүАхалтекин жылкысы. Архив
Ахалтекин жылкысы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыкты аталган ахалтекин жылкысынын ээсине Түркмөн президентинин атынан акыркы үлгүдөгү жол тандабас тапшырылат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарында 29-апрелде ахалтекин жылкылары арасында эл аралык "сулуулук" сынагы өтөт. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги билдирди. 

Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон" - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон"
Тийиштүү жарлыкка өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон. Ага ылайык, эң көркөм ахалтекин жылкысы 30-апрелде белгилене турчу Түркмөн жылкысынын күнүнө карата тандалат. Бердымухамедов калыстардын курамын дагы бекитип, ага чет элдик белгилүү окумуштуулар жана саяпкерлер кирген.

Андан сырткары, ахалтекин жылкыларынын сүрөтүн мыкты тарткан, айкелин мыкты жасаган чыгармачыл кишилердин арасында дагы конкурс өтөт.

Мыкты аталган ахалтекин жылкысынын ээсине Түркмөн президентинин атынан акыркы үлгүдөгү жол тандабас тапшырылат. Бул конкурс Бердымухамедовдун демилгеси менен өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0