Өзбекстандын милиция кызматкерлери формасын жаңыртты

© AP Photo / Umida AkhmedovaӨзбекстандын милиция кызматкерлери. Архив
Өзбекстандын милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы форма эл аралык стандартка ылайыкташкан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өзбекстанда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу программасынын алкагында милиция кызматкерлеринин формасын жана аларды айырмалоочу белгилерин өзгөртүү пландалып жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган программа өткөн жумада өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен бекитилген.

Церемонии открытия новую трамвайной ветки в Самарканде - Sputnik Кыргызстан
Мирзиёев трамвайга түшүп алып Самарканд шаарын кыдырды
Жаңы форма эл аралык стандартка ылайыкташкан. Программа ошондой эле 2017-жылы куралдуу күчтөр органдарынын ок атуучу курал жана жардыруучу заттардын түрлөрүнүн тизмесин иштеп чыгууну камтыйт.

Буга чейин президент Мирзиёев калкка өз убагында жана сапаттуу көмөк көрсөтүү үчүн ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу каралган жарлыкка кол койгон. Аталган документ күч түзүмдөрү, укук коргоо органдарынын милдеттерин так аныктоо, уюштуруу түзүмүн оптималдаштырууну камсыз кылат.

Мындан сырткары, Өзбекстандын борборунда ички иштер башкармалыгында иштөөнү каалагандар үчүн сынак жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0