Астанада көп кабаттуу үйдөгү лифт ичиндеги сегиз кишиси менен түшүп кетти

© Sputnik / Алексей Ничукин / Медиабанкка өтүүУстановка энергосберегающего лифта в жилом доме
Установка энергосберегающего лифта в жилом доме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лифттин ичинде алты чоң киши жана эки жаш бала болгон.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Астана шаарында "Эдем Палас" турак жай комплексинде лифт ичиндеги сегиз кишиси менен биринчи кабаттан жертөлөгө түшүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги шаардын полициясынын маалымат кызматына таянып жазып чыкты. 

Борбордук ыкчам башкармалыкка лифтте адамдар бар экени тууралуу кабар саат 18.50дө түшкөн. Окуя болгон жерге келген полиция лифттин ичинде сегиз адамдын экөө жаш балдар экенин аныктаган.

"Лифт 6-кабатка чейин көтөрүлүп, андан кийин акырындык менен ылдый түшкөн. Биринчи кабатка токтоп, андан кийин дароо жертөлөгө түшүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.

Адистер лифттин эшигин ачып, кишилерди чыгарышкан. Окуядан эч ким жабыр тарткан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0