Казакстанда 16 доллар пара алган мектеп директорунун мүлкү конфискацияланды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуу мекемесинин жетекчиси айлык маянаны көбөйтүү үчүн мугалимден акча талап кылган.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Казакстандын Кызылорда облусундагы мектеп директору мугалимден беш миң теңге (16 долларга жакын) пара алгандыгы үчүн мүлкү конфискацияланды. Ошондой эле ал өмүр бою билим берүү тармагында иштөө укугунан ажырап, 250 миң теңге айыпка жыгылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Айылдагы мектеп директору мугалимге кошумча саат бөлүп берүү үчүн андан беш миң теңге талап кылган. Ал пара алып жаткан жеринен кармалган.

Директор соттун чечими менен Кылмыш жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча айыптуу деп табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0