НАТОнун Ташкенттеги бюросу жабылды

© Sputnik / Алексей Бабушкин / Медиабанкка өтүүГорода мира. Ташкент
Города мира. Ташкент - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
НАТОнун Борбор Азия мамлекеттери менен байланыш жана кызматташуу боюнча Ташкенттеги бюросу 2014-жылы майда ачылган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. НАТОнун Борбор Азия мамлекеттери менен байланыш жана кызматташуу боюнча Ташкенттеги бюросу 1-апрелден тарта жабылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

АКШнын жана НАТОнун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Европа менен АКШ эли НАТОнун ЕБге тийгизген пайдасын ар кандай баалашты
Маалыматка ылайык, уюмдун аталган аймактагы түзүмү өзгөргөндүктөн улам жабылууда. Бюрону жабуу чечими былтыр күзүндө кабыл алынган. 2016-жылы ноябрда НАТОнын Борбор Азия бюросунун башчысы Розария Пульизи уюмдун бюджетин кайра карап чыккандан улам кабыл алынганын айтып, мында эч кандай саясий боёк жок экенин билдирген.

НАТОнун Борбор Азия мамлекеттери менен байланыш жана кызматташуу боюнча Ташкенттеги бюросу 2014-жылы майда ачылган.

НАТО (Түндүк Атлантика Келишим Уюму) 1949-жылы 4-апрелде АКШда негизделген. Ага мүчө болуп башында АКШ, Канада, Исландия, Улуу Британия, Франция, Бельгия, Нидерланддар, Люксембург, Норвегия, Дания, Италия жана Португалия кирген.  Ал эми учурда 28 мамлекет мүчө.

Кыргызстан  НАТО менен 1994-жылдан бери эле кызматташып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0