Казакстан: темир билек айылдык аял интернет колдонуучулардын оозун ачырды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүГиря көтөрүп жаткан аял. Архив
Гиря көтөрүп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын айрым колдонуучулары аялдын күчүнө таң калса, кээси мындай оор нерсе көтөрүү аялдын ден соолугуна зыян экенин айтышууда.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Эки гиряны оңой эле колу менен көтөрүп койгон казакстандык аял интернет колдонуучуларын аябай таң калдырууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Девушка ее мама из Костаная исполняют совместный танец. Фото со страницы Instagram пользователя assita_k - Sputnik Кыргызстан
"Пусть говорят" программасы Казакстандагы бийчи кыз менен энесине издөө салды
Видеого караганда бул иш-чара Казакстандагы айылдардын биринде Нооруз майрамы учурунда болгон. Аял эки гиряны 42 жолу көтөргөн. Видеону тартып жаткан кишинин айтуусунда, аял экинчи орунду ээлеген.

Азырынча бул видео кайсы жерде тартылганы тактала элек. Instagram социалдык тармагына коюлгандан кийин 17 сааттын ичинде 50 миңден ашык жолу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0