Мирзиёев Өзбекстандын президенти катары Казакстанга алгачкы ирет барды

© Фото / Ильяс ОмаровӨзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстан президенти катары алгач ирет Казакстанга расмий сапар менен келди
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстан президенти катары алгач ирет Казакстанга расмий сапар менен келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назарбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусу эртең, 23-мартта өтөт. Ушул эле күнү Астана шаарында казак-өзбек бизнес-форуму болот.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстан президенти катары алгач ирет Казакстанга расмий сапар менен келди. Бул туурасында Sputnik Казакстан кабарлады. 

Визит президента РФ В. Путина в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев апрелде Россияга барат
Аба майдандан Мирзиёевди Казакстан премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, өкмөт башчынын биринчи орун басары Аскар Мамин, Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов, Астана шаарынын акими Асет Исекешев тосуп алды деп кабарлаган өкмөттүн маалымат кызматы. 

Астанада Өзбекстан башчысы Мирзиёев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелерди талкуулайт.

Назарбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусу эртең, 23-мартта өтөт. Ушул эле күнү Астана шаарында казак-өзбек бизнес-форуму болот.

Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп 2016-жылы 4-декабрда шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0