Кытайда 2016-жылы коррупция боюнча 2800 адам соттолгон

© AP Photo / Ng Han GuanПатруль полиции Китая в Пекине
Патруль полиции Китая в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын сот органдары 2016-жылы коррупцияга байланыштуу 49 миң адамдын катыштыгы бар 45 миң ишти караган.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кытайдын соттору 2016-жылы "коррупция" беренеси боюнча айыпталган 2862 адамды эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын Жогорку элдик сотунун иш докладына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, Кытайдын сот органдары 2016-жылы коррупцияга байланыштуу 49 миң адамдын катыштыгы бар 45 миң ишти караган.

"Айыпталгандардын арасында, облустук деңгээлдеги 35 мурдагы атка минер жана округдук деңгээлдеги 240 чиновник бар. Сот 2862 адамды пара алгандыгы, коррупция катыштыгы бар жана бюджеттин эсебинен акча короткондугу үчүн эркинен ажыраткан", — деп жазылат маалыматта.

Жогорку элдик прокуратуранын докладында жазылгандай, айыптоочулар 2016-жылы кызмат учурунда кылмыш кылгандыгы үчүн 47 миң 650 адамга иликтөө жүргүзүшкөн.

Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашарын Sputnik Кыргызстан фотолентасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0