ЖМК: Мирзиёев менен Иноятовдун тирешүүсү өзбек-тажик достугуна жолтоо болууда

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүӨзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин архивдик сүрөтү
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын күч түзүмдөрү тарабынан болгон басымды сезе баштады, анын айынан реформалар ишке ашпай калышы ыктымал.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Европалык басылмалардын билдиришинче Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкынын Өзбекстанда ишин жандандырышы өлкөнүн саясий элиталарын чабыштырууда. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги билдирди.

Эксперттердин баамында саясий кармаш Мирзиёев, Иноятов жана премьер-министр Азимовдун ортосунда болууда. Акыркы экөөнө Өзбекстандын азыркы алган багыты жакпай жаткандай.

Визит президента РФ В. Путина в Узбекистан - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев апрелде Россияга барат
Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкы ишин баштаганга чейин Өзбекстандын күч түзүмдөрүнө бир катар мамлекеттерге карата визанын жокко чыгарылышы жаккан эмес. Бул идеяны Мирзиёев башында жактырганы менен кийин жокко чыгарган. Ошондой эле өлкөнүн күч түзүмдөрү жергиликтүү валютаны эркин коё берүү аракетине дагы кооптонууда.

Өзгөчө Өзбекстан менен Тажикстандын жакындоосу да күч түзүмүндөгүлөрдүн үшүн алып жатканын Reuters басылмасы жазат. Айрым версиялар боюнча Иноятов өзүнүн мындай кадамдары менен Өзбекстандын азыркы багытына макул эместигин билдирип, эки мамлекет ортосундагы аба каттамдарды такай үзгүлтүккө учуратып жатат.

Ошондой эле жогорку эшалондогулар Өзбекстандын АКШ, Россия жана Кытай менен бирдей аралыкты сактап мамиле куруш керек деген пикирди карманышууда. Алар бардык мамиле Каримов учурундагыдай болушун каалашат.

Эске салсак, Шавкат Мирзиёев 2016-жылы Өзбекстандын президенти болуп шайланган. Ал туризмди, метрону өнүктүрүүгө, жаңы үйлөрдү курууга, жана Борбор Азия мамлекеттери менен мамилени чыңдоого артыкчылык берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0