Алматы шаарына Виктор Цойдун эстелигин орнотуу демилгеленүүдө

© Sputnik / Галина Кмит / Медиабанкка өтүүЛидер рок-группы "Кино" Виктор Цой
Лидер рок-группы Кино Виктор Цой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авторлордун айтымында, рок-музыканттын колунда чакмак болот, ал өчпөс от дегенди билдирет.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Белгилүү Казакстандык кинопродюсер Арман Асенов Алматы шаарына атактуу рок-музыкант Виктор Цойдун эстелигин тургузууну демилгелеп чыкты. Бул тууралуу Асенов Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, бул Виктор Цойдун тулку бою түшүрүлгөн жалгыз эстелик болуп калат. Ал ошондой эле "Игла" тасмасындагы акыркы кадрдан алынган Цойдун кичинекей эстелигин жарыялады.

"Башкы каармандын колундагы чакмак өчпөс от дегенди туюнтат. Башка музыканттар ал жерге келип "тамекисин тутантып" Цойдун ырларын ырдай алышат", — деди Асенов.

Ал учурда эстелик орнотулчу жер изделип жатканын кошумчалады.

Виктор Цой — советтик рок-музыкант. 1990-жылы 15-августта жол кырсыгынан каза болгон. Ал "Кино" тобун негиздөө менен гитарада ойноп, ырдап, музыка жазган. Бир нече тасмада роль жараткан. Анын ичинде Алматыда тартылган "Игла" тасмасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0